Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшү: Эжеси иниси менен акыркы жолу качан сүйлөшкөнүн айтты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту маркум Чыңгыз Жумагуловдун (Дөө Чыңгыз) өлүмү боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Бүгүнкү соттук отурумда Чыңгыз Жумагуловдун эжеси дагы сүйлөдү. Анда ал инисинини каза болгондугу тууралуу маалыматты инернеттен укканын айтты. Ошондой эле ал иниси менен акыркы жолу 2022-жылдын 30-июлунда сүйлөшкөнүн билдирди.

"Инимдин каза болгонун уккандан кийин СИЗОго келдик, бирок бизге эч ким чыккан жок. Биз эшикти кактык, бирок эч ким ачкан жок. Акыркы убакка чейин болгон окуяга ишенбей, балким ооруканада жаткандыр деп ойлогонбуз. Сөөктү өлүкканага алып кетүүгө унаа келгенде гана инимдин каза болгонуна ынандык", - деди ал.

2022-жылдын 30-июлунда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАМК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан