Чүйдүн Москва районунда өз баласын сабаган ата кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
12 жаштагы Д.К. аттуу өспүрүм өз атасы тарабынан катуу сабалганы боюнча маалымат милицияга 12-март күнү түшкөн.
Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (кыйноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүмдүн денесинде жаңы жана эски жаракаттары, тырыктары бар экени аныкталган. Аны маал-маалы менен 1989-жылы туулган Д.З. аттуу өз атасы сабап келгени тастыкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, Д.З. аттуу жаран кармалган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө амалдары уланууда.