Эдил Байсаловдун айдоочусуна унаасына жалган номур такканы үчүн айып салынды

Вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун айдоочусуна 18 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Байсаловдун айдоочусуна унаасына жасалма номур такканы үчүн 15 миң сом, жөө адамдар өтүүчү жерден (тротуар) унаа айдаганы үчүн 3 миң сом айып пул салынган.

Ford Mondeo унаасына башка унаанын номуру тагылгандыгы дагы аныкталган.

Эске салсак, 2-мартта Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанында Ford Mondeo унаасы тротуар менен кетип бара жаткандагы видео тараган. Ошондой эле унааны Байсаловдун айдоочусу айдап бара жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан