Нарын шаарынын мэрине 10 миң сом айып пул салынды

Нарын шаарынын мэрине жана шаардык салык кызматынын башчысына 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, алар Салык кодексинин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзүшпөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылды.

"Алар Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопкерчиликке тартылып, 10 миң сомдон айып салынды" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан