Кумтөргө байланыштуу азыркы тапта жалпысынан төрт кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу кечээ, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
“Азыркы учурда 4 кылмыш иши тергелип жатат. Рысбек Токтогулов, Теңгиз Бөлтүрүк, Канат Курманов, Руслан Енгалычев айыпкер катары өтүүдө. Келтирилген зыян 1 миллиард 146 миллион сом. Анын 642 миллион сому (56 пайызы) мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү” , - деди Коңкубаева.
Ошондой эле ал тергөө толук жүрүп жатканын, жогорудагы 4 адам камакта экенин, алардан тышкары дагы 5 адамдан эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алынганын кошумчалады.