Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Улуу Британиядагы кыргызстандыктардын иштөө шарттары жана коопсуздугу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 13-16-март күндөрү Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Улуу Британияга иш сапар менен барды. Анын курамына Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) өкүлдөрү кирген.
Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Улуу Британиянын Айлана-чөйрө, тамак-аш жана айыл чарба боюнча департаментинин, Улуу Британиянын бандитизм жана эмгекти кыянаттык менен пайдалануу башкармалыгынын, Улуу Британиянын Азык-түлүк департаментининин, мындан тышкары, виза жана миграция департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуулары болуп, мындан аркы кызматташууну талкуулоо, эмгек шарттарын мониторинг жургүзүү жана Улуу Британияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын кошумча муктаждыктарын тактоо үчүн өткөрүлдү.
Тараптар кызматкерлердин бакубаттуулугу, аларды ишке алуу тартиби, социалдык чегерүүлөр, медициналык камсыздандыруу маселелери, ошондой эле кыргызстандыктарга карата укук бузуулардын, адам сатуунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана башка маселелер боюнча пикир алышты.
Делегация Улуу Британияга айыл чарба тармагы боюнча сезондук жумуштар үчүн келген мекендештерибиздин эмгектин уюштурулушун, алардын жашоосунун көптөгөн аспектилери менен таанышып, «Staples Farm» (Бостон, Англия) фермасына барышты.
Британ фермасынын администрациясы кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумуш убактысы, жашоо жана эс алуу шарттары, коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен тааныштырды, ошондой эле чарба жана эгин чаап-жыйноочу аянтына экскурсия уюштурду.
Кыргыз жарандарынын Улуу Британияда жүрүү маселелерине, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча Улуу Британиядагы Элчилигинин милдеттерине өзгөчө көңүл бурулду.