Камчыбек Ташиев Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев кармалган бажычылар менен ишкерлердин арасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси дагы бар экенин айтты.

Ташиев ошондой эле Зулушев экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок экенин белгиледи.

"Курманкул Токторалиевич менен менин ортомдо эч кандай пикир келишпестик жок. Биз мыйзамдын чегинде, ар бирибиз өз милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Ал эми адамдардын кармалышы дагы туура, биз таможнядагы коррупциялык иштерди алып чыктык.

Биз 8 адамды кармадык, алар кимдер? Алар ошо бажыда иштеген бажычылар, жүктөрдү декларация кылгандар, жүктөгүчтөр. Бул жерде чоң суммадагы коррупциялык схема иштеп турган. Алдын ала айтуулар боюнча бюджетке миллиард сомдой зыян келген.

Кармалгандардын арасында туура, Курманкул Токторалиевичтин биртууган кайниси бар экендиги бул чындык. Ал дагы азыркы күндө сурак берип жатат. Бирок бул ишке Курманкул Токторалиевичтин эч кандай тиешеси жок. Эгерде анын кайниси кармалса, мамлекетке зыян келтирсе, келтирген зыянды толтурат жана жазасын алат", - деди Ташиев.

Кечээ, 18-мартта УКМК товарларды “жашыруун транзиттөөгө” тиешеси бар бажы кызматынын кызматкерлери кармалганын билдирген. Ошондой эле УКМК кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан