Денеде тамтык жок. Беловодское айылында атасы баласын камчы менен сабаган

Беловодское айылында атасы өз уулун өзгөчө мыкаачылык менен сабаган. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Экспертиза учурунда тартылган сүрөттөргө караганда, атасы баласын камчы менен далыга чаап сабаган. Мындан улам 12 жаштагы баланын денеси көгала болгон.

Баланын ур-токмокко алынганы баланын көгөргөн жерлерине жана жүрүм-турумунун өзгөргөнүнө көңүл бурган мугалимдин аркасында белгилүү болгон. Андан кийин ал дарыгерлерге кабарлап, алар өз кезегинде милицияга кайрылышкан.

Учурда бала агасына өткөрүлүп берилди. Ал эми баланын атасы камакта. Өспүрүмгө психолог дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан