Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 20 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 2003-жылы туулган Наргиза Бектур кызы 13-март күнү Ново-Павловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Белгилери: бою 145-150 сантиметр, көзү кара, чачы кара кыска, арыкчырай, бети сүйрү.
Кийген кийимдери: башында гүлдүү кара жоолук, кара күрмө, кара түстөгү классикалык шым, бутунда кара кроссовка.
Наргиза Бектур кызынын жүргөн жери боюнча маалыматыңыз болсо, 03134 5 33 80, 0558 86 14 86 телефондору аркылуу байланышсаңыз болот.