Чүй: Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө шектелип айыл өкмөттүн жооптуу катчысы кармалды

Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар деген шек менен Чүйдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-мартта Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"2022-жылдын 13-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М.нын жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан