Мен көргөн бир күн: "Жансыз ымыркайдын элеси көз алдымдан кетпей койгон"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет "Мен көргөн бир күн" рубрикасында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясында инспектор, милициянын капитаны Самара Кыдырова жумуш учурундагы окуялары менен бөлүшөт.

Самара Кыдырова Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 1987-жылы 24-апрелде төрөлгөн. Майлуу-Суу шаарынын №5 орто мектебин 2005-жылы ийгиликтүү аяктап, 2006-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, 2015-жылы аяктаган. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө балдар менен иштөө инспекциясында инспектор, милициянын капитаны. 2022-жылдын жыйынтыгы менен жылдын Мыкты кызматкери аталган. Ага ИИМ башчысы Улан Ниязбеков тасма тагып, вымпел жана министрликтин энчилүү саатын тапшырган. Жакында эле ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясын ийгиликтүү аяктады.

Жолдошумдун жолун жолдоп милиция кызматкери болдум

- Жолдошум милиция кызматкери, милициянын кайгуул күзөт кызматында иштечү. 2010-жылы жумушка кирип, 2013-жылы кызмат учурунда жол кырсыгынан каза болгон. Ал учурда мен үй кожойкеси болчумун. Билимим бар болгондуктан мен да жолдошумдун жолун жолдойм деп 2015-жылы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматында жумушумду баштагам. 2018-жылдан бери Жалал-Абад ШИИБинин балдар менен иштөө инспекциясында инспектор болуп иштеп келе жатам.

Үй-бүлөмдө бул кесипте иштегендерден мен элемин. Кайын-журтум тараптан да бир эле жолдошум милиция кызматкери болчу. Айла жок, тагдырдын сыноосу экен. Жолдошум каза болгондо 3 жашар балам менен калдым. Ошондо гана жашоо жалган экенин, демек, артыңа из калтырып, татыктуу иштеп кетиш керек экендигин түшүндүм. Ошол себептүү мен сынбадым, мүңкүрөп отуруп калган жокмун. Тескерисинче күчтөнүп, жолдошумдун атын өчүрбөй иштеп баштадым. Муну жашоомдогу эң чоң жетишкендигим деп айта алам.

Ушул убакка чейин жумушумда түшкө кирбегендей окуяларга туш болдум. Жалал-Абад облусунда райондор көп болгондуктан калкынын саны да арбын. Ушул жерде өспүрүмдөр, райондордон келген студенттер менен кылмыштуулукту алдын алуу, ар кандай кырсыктарга бөгөт коюу, өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлдөөдө профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күнү-түнү иштедим десем жаңылышпайм. Аракеттеримдин жыйынтыгы менен өлкө боюнча 2022-жылы жылдын мыкты кызматкери болуп тандалдым. Бул менин биринчи ийгилигим эмес, 2019-жылы дагы облус боюнча жылдын мыкты кызматкери болуп аталгам. Ушул жылдар аралыгында мен балдарга милиция кызматкери, апа да, эже да болдум.

Жумуш учурунда ары кайгылуу, ары күлкүлүү да окуяларга туш болосуң. Ар бир окуядан өзүмдүн жашоомо сабак алып келем. Эң өкүндүргөнү балдардын терс жолго түшүп, дайынсыз жоголуп, тагдырлары талкалангандыгы. Мунун баары ата-эненин кайдыгерлигинен деп айта алам. Эне катары да балдардын жаманын жашырып, жакшысын ашырып келем.

Оорулуу бала колумду тиштеп алып, инфекция кирип кеткен

- Мектеп окуучулары менен мугалимдин ортосундагы пикир-келишпестиктерге көп күбө болуп келебиз. Бир жолу мектептеги мугалим эже окуучусу калем сап менен көзүнө сайып салгандыгын айтып кайрылган. Ал мугалим окуучуларынан үй тапшырмаларды көрсөтүшүн талап кылган экен. Ошол учурда бир окуучусу улам сайын шоктонуп, эжесине баш бербептир. Мугалим эже баланын ата-энесин чакырмакчы болгондо, бала ачууланып калем сап менен эжесинин көзүнө сайып салган. Бактыга жараша, калем сап көздүн карегине тийбей, сыртын сайып өткөн. Ошондо дагы мугалим эже: "Мен баланын мындай жоругун эч кимге айтпадым, өзүмдүн балама айтсам, окуучумду уруп коюшу мүмкүн эле. Жолдошума айтсам, мектептен чык демек. Мен кесибимди, окуучуларымды сүйгөндүктөн жашырып койдум. Сиз балдар инспектору катары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюңуз", - деп келген. Биз социалдык педагог менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда ал баланын эпилепсия оорусу кармап калган. Анын мындай оорусу бар экенин ошондо билгенбиз.

Мындай учурда балага биринчи медициналык жардамды мен көрсөтүшүм керек болгон. Баланын тили артка кетип жатканда кашыкка жетише албай, тилин тартам деп колумду салып жибергем. Тилин тартканда бала колумду катуу тиштеп алган. Ошентип дарыгерлер келгенче баланын тилин тартып, сактап калгам. Колум болсо дароо шишип кетти. Дарыгерге барсам, инфекция кирип кеткенин айтып, баланын тиши сөөккө чейин жеткенин билдим. Колумду өйдө көтөрө албай калгам. Бир жума дарылангам.

Бир жолу дагы ушундай оору менен ооруган бала апасын ур-токмокко алып, баш бербей жатканда биз атайын чакыруу менен барганбыз. Баланын колун кайрып унаага салып жатканда бала менин санымды тиштеп алган. Анда дагы бир топ күн дарыланып айыккам (күлүп). Азыркыга чейин бул окуя эсимден кетпейт.

Кичи автобуста окуучу кызга ыдык көрсөтүп...

- Жолдошум жол кырсыгынан каза болгондуктан жеңил унаага такыр түшпөй калгам. Дайыма коомдук транспортто жүрөм. Үйүмдөн жумушума чейин 2-3 мектептен өтөм. Ал кичи автобустар менен көпчүлүгү окуучулар катташат. Бир жолу кичи автобуста бара жатсам психикалык жактан жабыркаган киши түшүп калды. Ичинде адам көп болчу. Ал киши окуучу кызга ыдык көрсөтүп баштады. Тигил кыз кичине болгондуктан эч нерсе түшүнгөн жок окшойт. Мен байкап калып, дароо тигил кишини кичи автобустан түшүрүп, бутунан катуу чымчып алдым. Ичиндегилер түшүнбөй калышып, "милиция болсоң эле сага баары боло береби, эмнеге түшүрүп салдың" деп калышты. Мен ызы-чуу кылып окуучу кыздарды коркутуп албайын дегем. Анан ичиндегилерге ыдык көрсөткөн кишини тааныгандыгымды, ал окуучу кызга тийишкенин айтып, жай түшүндүрүп бердим.

Негизи эле маршруттук таксиге түшкөндөн баштап профилактика жүргүзө баштайм. Кетип бара жатканда балдардын үстү-башын, айланасын карайм. Ыдык жасагандарга байкамаксан болгондор жок эмес. Аларга да түшүндүрүү иштерин жүргүзөм.

Чынында милиция кызматкерлери басып бара жаткан жеринен 300 адамды көзгө алып, тейлеп жүрүшү керек. Эч качан кайдыгер карап, басып кетпешибиз зарыл.

Кыздарды тарбиялайын деп формамды кийгизем

- Өткөөл курактагы, ата-энесин ыйлаткан кыздар болот. Аларга чара көрө берип, айлам кеткенде бөлмөмө киргизип, батпай калган формаларымды кийгизем. Кадимкидей ары-бери жумшап, мендей милиция бол деп профилактикалык иштерди жүргүзөм. Мындан оңолуп кеткен кыздар да бар. Көп кыздарды өз жолуна салып, багыт көрсөтүп, турмушка да узаттык. Кийин алар рахматын айтышып, тойлоруна чейин чакырган учурлар болот (күлүп).

Көп жолу дайынсыз жоголуп, денесин жара басып, биттеп, селсаяк болуп кеткен кыздарды көрдүм. Алардан оору жуктуруп албайлы деп алгач жуундуруп, антисептик менен тазалайбыз. Андан соң түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Алардын ата-энелери 1-2 айдан бери таппай жүргөнүн айтышып, гүл, торту менен ыраазычылыгын билдирип, кыздарын алып кетишет. Мындай учурда алардын кубанычын көрүп, абдан сүйүнөм.

Көпчүлүк ата-энелер балдарынын тарбиясы бузулганын билсе да кошунадан, элден уялып, милициядан чочуп келишпейт. "Кылмыштуулукту алдын алуу - бул өрт учкунун өчүргөн менен барабар" деп биздин тунгуч генералыбыз Э.Алиев накыл кепти айтып кеткен. Ошол насаатты мен да пайдаланып, ата-энелерге айткым келет. Балдардын жүрүм-турумун алдын алууда, кылмышка жол бербөөдө сиз менен биз тыгыз иш алып барсак, балдарыбызга туура багыт көрсөтө алабыз.

Жашы жете элек кыздар боюнан түшүрөм деп дары ичип алышат

- Жашы жете элек кыздар кош бойлуу болуп калган учурларды көп кезиктирдим. Алар эрте жашта кыз-жигит мамиледе болушуп, кыз кош бойлуу болуп калганда жигити таштап кеткендер да бар. Андайда кыздар дароо баласынан баш тартып, боюнан түшүрөм деп дарыларды ичип алышат. 6-7 айлык жансыз ымыркайларды тергөөгө өткөрүп берүү үчүн баштыкка салып көтөрүп жүргөн күндөрүм болгон.

Бир жолу бир кыз жигити менен сүйлөшүп жүрүп кош бойлуу болуп калат. Бирок жигити бала менден эмес деп чыгат. Кыз ошондо баласынан баш тартып, боюнан түшүрүү үчүн дары ичип алат. Дарыдан кызга реакция жүрүп, "Тез жардам" менен ооруканага келген. Ымыркай жетилип калган үчүн өлүк болуп боюнан түшөт. Ошол учурда дарыгерлер "102" нөөмөт бөлүмүнө чалышып, биз ыкчам тергөө тобу менен барганбыз. Тергөөчү териштирүү иштерин жүргүзүп, мен жансыз ымыркайды соттук медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн айылдан шаарга чейин баштыкка көтөрүп баргам. Көпкө чейин баланын дене мүчөсү көз алдыман кетпей койгон. Албетте, мындай окуялар зээниңди кейитпей койбойт.

Зомбулукка кабылган балдар өз үйүнөн качып келгенде үйүмө жашаткан учурлар болгон. Өз ата-энесинен ур-токмок көргөн балдар ыйлап келишет. Кээ бир учурда окуучу кыздар: “Ата-апам бир жерде мас болуп жатып калды. Үйгө алып барышып коюңузчу” дешет. Мунун баарын көрүү, балдардын абалын сезүү ушунчалык оор.

Өспүрүмдөр мындай окуяга кабылбай, бактылуу балалыгын өткөрүп, жыргалчылыкта жашашы керек да... Мен алардын ушундай аянычтуу тагдырларына кейип, өзүнчө отуруп ыйлап да алам.

Төрт кесиптин ээси болгум келчү

- Бала кезимде дарыгер, журналист, милиция жана учкуч болууну кыялданчумун. Кайсы жерде кандай окуя болбосун микрофон кармап кабар берүүнү, уруш-жаңжал чыккан жерде тартипти орнотууну, ошол эле учурда адамдар жабыркаса айыктырууну, эгерде жер жарылып кетсе, бардык адамдарды учакка салып алып учуп кетүүнү көп кыялданар элем. Жаштын тилегин берет дегендей, журналист, милиция да болдум жана медициналык биринчи жардам көрсөтө алам. Бардык нерсе ниетке жараша окшойт. Кичинекейимде оюмда сүрөттөгөн көрүнүштөр, азыркы учурда чын эле болуп жатканына таң калам, сүйүнөм.

Дарыгерлерге оорулуу, милицияларга кылмышкер керек дегендей, ар кандай шектүү адамдарды жолуктурасың. Алардан коркпой койбойсуң. Жумушта кээде түнгө чейин иштеп, үйгө кеч барган күндөрүм болот. Ошондой учурда кайсы бир мага өчөшкөн шектүү келип, кол салып жиберет деп кооптоном. Кайра Ата мекенге кызмат кылам деп ант ичкенимди эстеп, чыйрала түшөм.

Чындыгында жумушубуз оор, бирок натыйжалуу жыйынтыктарды көргөндө кыйынчылыктарды унута түшөсүң. Милиция болуу – жаныңды мекен үчүн аябоо, эч нерседен коркпоо, эр жүрөк, мекенчил болуу. Кызыл шапкечендер бүгүн үйгө келет, эртең алардын үйдө болушуна эч ким кепилдик бере албайт.

Жумуштун көптүгүнөн аялдык назиктигим жоголду

- Иштин көптүгүнөн аялдык назиктигим жоголуп, эркекке окшоп баратам (күлүп). Элдин бейпил жашоосун камсыздайбыз деп күнү-түнү кызмат кылып, кылмыш менен күрөшүп отуруп эркек мүнөз да болуп каласың. Албетте, аялдык назиктик да такыр жок дебейм. Ал назиктик качан чыгат, үйдө отуруп тамак жасаганда, үй жыйнаганда. Ага убакыт чанда гана болот.

Мындан тышкары, ыр жазам, ырдайм. Милиция болбосом, балким, ырчы болуп кетмекмин. Өзүм айыл жергесинде чоңойгондуктан мал бакканды, этти жиликтегенди жакшы билем.

Өлкөдөгү биринчи генерал айым болгум келет

- Бизде генералды самабаган аскер аскер эмес делет. Ошол сыңары мен да мекениме талбай кызмат кылып, мыйзамдын негизинде туура иш алып барып генералга чейин жетүүнү самайм. Карапайым эле үй-бүлөнүн кызымын, таянганым бир гана эмгегим деп айта алам.

Бардык ийгиликтеримдин башында ата-энем турат. Жолдошум каза болгон учурда да алар мага дем берип, депрессиядан чыгарышты.

Келечекте мекенчил, эрктүү уул-кыздарды тарбиялап, мекенге салым кошкум келет. Бул менин башкы максаттарымдын бири.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан