Очогу Ооганстанда катталган 6,5 баллдык жер титирөө Кыргызстандын аймагында дагы сезилген. Мындан улам Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдө жашаган тургундар эшикке чыгышты.
Социалдык тармактарга тараган видеодо көрүнгөндөй, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочулары бала-чакасы менен эшикке чыгышкан. Алар жер титирөө сезилерлик эле болгонун айтышты.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-мартта Ооганстанда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү Кыргызстандын көпчүлүк аймагында сезилди.