Ысык-Көлдө тургунду опузалап акча жана мүлк талап кылууга шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургунду опузалап акча жана мүлк талап кылууга шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айынын аягында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына ушул эле региондун тургуну кылмыш дүйнөсүнүн адамдары тарабынан опузалап талап кылуу фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Маалым болгондой, өткөн жылдын күз айларында курамына мурда соттолгон жарандар кирген топ айыл тургунунун сарайына коркутуу менен келип кетишкен. Алынган маалыматка караганда, жогорудагы шектүү жарандар акча жана мүлк талап кылып, алардын бири бычак менен коркуткан. Кылмышкерлер айыл тургунуна физикалык күч көрсөтөм деп коркутуп, опузалап атын тартып алышкан. Алар малды унаага жүктөп, өздөрү менен алып кетип калышкан.

Айылдын жашоочусунун негизги булагы мал болгондуктан, опузалоочулар өздөрүнүн аракеттери менен ага ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бир күн мурда Ысык-Көл облусунун аймагында көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине шектелгендердин бири кармалды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран 1987-жылы туулган О.А. мурда өзүм билемдик, каракчылык, бейбаштык, ден-соолукка оор залал келтирүү фактылары боюнча соттолгон бир нече жолу соттолгон. Андан сырткары, аталган жаран мурда жасаган мыйзамсыз жосундары үчүн соттолгон деп эсептелип, пробация органдарында жазасын өтөп жатканы белгилүү болду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыштын калган шериктерин кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан