Түндө Бишкектеги Ибраимов көчөсүндө жайгашкан мечиттен өрт чыгып, жалын контейнерлерди каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өрт тууралуу маалымат түнкү саат 01:38де түшкөн. Анда Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Дордой Мурас" базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өткөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.