Колдон колго өтүп зордукталган 13 жашар кыз: Жогорку Сот ишти жабык эшик артында карап жатат

Бүгүн, 22-мартта Жогорку Сотто колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыздын иши боюнча соттук отурум жабык эшик артында каралууда.

Буга чейин 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиция кызматкери 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийинчерээк үстүбүздөгү жылдын 13-январында Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Үчүнчү айыпталуучу - базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.

Кыздын жакындары кылмышкерлер жазадан кутулуп кетет же аларга карата чыккан өкүмдөр дагы да жеңилдеши мүмкүн деп чочулашууда. Мындан улам буга чейин мекеменин алдында кордолгон кызды колдоо акциясы болуп өттү.

Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот былтыр 8-июлда башталган. Ага чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан