Улуттук госпиталдын башкы дарыгери эки айга камакка алынды

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө дарыгердин баш коргоо чарасы каралып, аны 15-майга чейин абакта калтыруу чечими кабыл алынды. Ал Бишкектеги тергөө абагында кармалат.

Белгилей кетсек, башкы дарыгер Улуттук госпиталдагы жемкордук түзүмүнө шектелип кармалган.

Тагыраагы, атайын кызмат 16-мартта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармаганын маалымдаган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин убактылуу Улук Кулукеев аткарып жатат. Ал буга чейин башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан