Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакта калтырылды

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды. Анын Бишкектеги СИЗО-1 мекемесине киргизилгенин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, ал УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 15-мартта кармалган.

Маалымдалгандай, Зилалиев 2017-жылы аталган комитетти башкарып турганда ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң доллар өлчөмүндө акча алганы аныкталган, бирок Зилалиев айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчасын кайтарып берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан