"Асман" шаарын куруу дирекциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү

Бүгүн, 22-мартта "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматында жазылат.

Мындай чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаардын башында Тору-Айгыр айылына түшөрү айтылса, бирок кийинчерээк шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.

2022-жылдын январь айында "Асман" шаарын курууну Тимур Файзиев жетектей турганы кабарланган. 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда Тимур Файзиев 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштаганын билдирген. Бирок 13-апрелде Тимур Файзиевдин ордуна долбоордун автору Руслан Акматалиев жетекчи болуп дайындалганы кабарланган. Президент Садыр Жапаров "Асман" шаары экологиялык таза шаар болорун, ал үчүн убакыт керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан