Тажикстанда катуу жер титиреди. Жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Бүгүн, 23-мартта коңшу Тажикстанда очогунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кыргызстандын түштүк аймагында дагы сезилгенин Сейсмология институтунан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө түнкү саат 02:07де болгон. Жер титирөөнүн очогу 10,7 миң калкы бар Тажикстандын Рашта шаарынан 51 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Сүлүктү жана Раззаков шаарында 5 балл, Баткен шаарында 4 балл сезилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан