Бишкектин мурдагы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалды

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экс-директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалымдалгандай, Бишкектин мурдагы вице-мэри С.Р.А. аттуу жаранга карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондй эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык "Тазалык" ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

"Белгилей кетүүчү нерсе, мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда С.Р.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

SUPER.KG порталына өздүк булактар кармалган жаран Рысбек Сарпашев экенин билдиришти. Ал "Тазалык" ишканасын 2014-жылдан 2018-жылга чейин башкарган. Андан кийин 2019-жылга чейин Бишкектин вице-мэри болуп, 2019-жылдан 2021-жылга чейин кайрадан "Тазалыкка" жетекчи болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан