Нарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жансыз дене табылды

Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин биринен 63 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, куткаруучулар Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан №104 көп кабаттуу үйдүн 54-батиринин бекилип калган эшигин ачышып, батирдин бөлмөсүнөн 1960-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан