Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Анын сапары май айына пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь маалымдады.

Элчи белгилегендей, бул сапарга эки тарап тең чоң маани берет. Учурда иш-чарага кызуу даярдык көрүлүп жатат.

"Ал чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын жалпы тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам таштайбыз”, - деди Ду Дэвэнь.

Белгиленгендей, бул Жапаровдун президент болгондон берки Кытайга болгон алгачкы сапары болуп саналат. Анын алкагында президент Кытай-Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан