Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтердин бааларын атады

Айыл чарба министрлиги республикага жалпысынан 41,9 миӊ тонна минералдык жер семирткич ташылып келингенин кабарлады. Анын ичинен:

- азоттук минералдык жер семирткичтер - 33,5 миӊ тонна,

- фосфордук минералдык жер семирткичтер - 8,1 миӊ тонна,

- калийдик минералдык жер семирткичтер - 0,3 миӊ тоннаны түздү.

Азыркы учурдагы жер семирткичтердин баалары:

  • Казакстанда жана Орусияда өндүрүлгөн аммиак селитрасынын 1 килограммы - 38-40 сом;
  • Өзбекстандан өлкөнүн түштүк аймактарына ташылып келинген аммиак селитрасынын 1 килограммы - 28-30 сом;
  • карбамиддин 1 килограммы - 36-38 сом;
  • түндүк аймактарда аммиак селитрасы 1 килограммы - 30-32 сомду түзсө, карбамиддин баасы 38-40 сом болууда.

Бүгүнкү күндө жалпы 49 704 гектар аянтка 5 507 тонна органикалык жер семирткич чачылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан