Журналист Ыдырыс Исаков милицияга кайрадан суракка чакыртылды

Журналист, блогер Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен бүгүн дагы милицияга чакырылдым. Бул жолу баягы кубалашкан видео боюнча.

Эсиңиздерде болсо, баягыда мен “Сарыбашов мырза сизби?” деп сураганда атын жашырып качкан инспектор эми менин үстүмдөн милицияга даттаныптыр.
Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмдөн милицияга эмес, бандиттерге даттанса дагы эп болмок. Али ал кишинин ак же кара экени аныкталбай жатып, актанып баштаганы бир аз шашкандай болуп калыптыр.
Эмнеси болсо да суракка барам. Тергөөчүнүн суроолоруна жооп берем. Анан кагаздарга кол коём. Иштер кала берет. Мага чалгандар күтө берет. Макул эми", - деп жазды ал.
Февраль айында дагы Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыртылган болчу. Ал күбө катары суралганын шаардык милициядан билдиришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан