Чүйдө 307 гектардан ашык айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл өкмөтүндө 186 миллион сомго бааланган сугат айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы 307,5 га жер тилкеси аныкталган.

Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 миллион 277 миң 534 сомго бааланган, жалпы аянты 307,5 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчикке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан