Баткен облусундагы өрүкзардын тегиз гүл ачып, кооздукка бөлөнгөнү асмандан тартылган видео социалдык тармакка тарады.
Интернет колдонуучулар “Керемет!”, “Баткен сакурасы”, “Мына сулуулук” деген пикирлерди калтырышууда.
“Өрүкзарды дүйнөлүк брендге айлантып, туристтерди тартуу керек” деген пикирлер да жок эмес.
Төмөндө көз жоосун алган сулуулукка сиз да күбө болуңуз.