Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп Мелис Тургунбаев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарланды.
Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 23-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп 15-мартта дайындалган. Анын талапкерлигин 16-мартта Жогорку Кеңеш карап, макулдук беришкен.