Кара-Балтада 16 жаштагы Акбермет бир айдан бери дайынсыз болууда

Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Акбермет Жорокулова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Акбермет Жорокулова ушул жылдын 26-фералында саат 13:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 165-168 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.
Кийген кийимдери: Ак жакалуу кара куртка, капюшону бар кара свитер, кара шым, бутунда ак ботинка.

Урматтуу жарандар! Кимде Акбермет Жорокулованын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан