Бишкек-Ош жолун асфальттоо: Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары өлкөгө ири өлчөмдө зыян келтиришкени аныкталды

Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары акча каражаттарын кымырып алышып, өлкөгө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун 392-396 чакырымында жолго асфальт төшөө жумуштарын аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммадан 3 миллион 714 миң 582 сомго ашыкча жумуш аткарылгандыгы тууралуу актыларды жасалмалашып, акча каражаттарын өзүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №6 аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү түрдө текшерилбей туруп аткарылган жумуштардын актылары кабыл алынып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан