Орусия блогер Илья Варламовду чет элдик агент деп жарыялады

Популярдуу блогдордун автору Илья Варламовду Орусиянын Юстиция министрлиги "Чет элдик агент" деп жарыялады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Юстиция министрлиги Варламовду “мамлекеттик бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты тууралуу жалган маалымат таратканы жана чет элдик булактардан колдоо тапканы үчүн” чет элдик агенттердин тизмесине киргизген.

"Ал мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдер жана алардын саясаты тууралуу ишенимсиз маалыматтарды тараткан. Ошондой эле чет элдик булактардан колдоо алган", - деп айтылат Юстиция министрлигинин Варламов боюнча түшүндүрмөсүндө.

Белгилей кетсек, Илья Варламов Кыргызстанга дагы көп келет. Ал ар кандай темадагы блогдорду тартат. Анын Бишкектеги жол тыгынында айдоочулардын өзүн алып жүрүү эрежесин айтканы талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан