Акылбек Жапаров аймактардагы жазгы талаа иштерине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, кечээ, 23-мартта өткөн жыйында Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, акимдердин жана шаар мэрлеринин жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча маалыматын укту.

Министрлер кабинетинин төрагасы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө чет мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Өзбекстанда айыл чарбанын ар бир тармагы үчүн бүтүндөй кластер аныкталган. Биз агрардык республика катары кластердик системага максималдуу көңүл бурушубуз керек. Суу менен сугаруу планы, себүү планы, аймактын электрондук картасы - бул инновациялар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мол түшүм алууга жардам берет”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле, селектордук кеңешмеге даярданууда аймактардагы жетекчилерде биринчи кезекте колдогу айдоо жерлер, ирригациялык системалар жана башка керектүү мүнөздөмөлөрдү көрсөткөн аймактын электрондук картасы болушу керектигин кошумчалады.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан