Садыр Жапаров "Жоогазын революциясынын" 18 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта "Март элдик революциясынын" кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздүн соңку тарыхындагы орчундуу окуя - Март элдик революциясына 18 жылдын жүзү болду.

Кыргыз эли көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин эркиндикке умтулуусун дүйнө жүзүнө бир нече ирет көрсөткөн, ал эми март революциясында бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктап берди. Себеби кан-жанында эркиндик, эгемендик ойногон кыргыз эли – адилетсиз башкарууга эгерим баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл.

Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарында өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алышыбыз кажет.
Башына түшкөн бардык кыйынчылыктарга карабай, биримдик, ынтымак аркылуу элибиз элдүүлүгүн жоготпой, акыйкат жолунан тайбай, кылымдарды карытып келет.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз.

Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз.

Мекенибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибизде бакубатчылык жана ынтымак болсун!” - деп жазылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, мындан он сегиз жыл мурун тунгуч президент Аскар Акаев элдик каршылыктардан улам бийликтен кеткен. "Жоогазын революциясы" деген ат менен белгилүү болгон март окуяларынын башаты Жалал-Абад, Ош аймактарынан башталып, кийин бүтүндөй өлкөдөгү нааразылыктарды борборго чогулткан эле.

Курманбек Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей калган. Бирок 2016-жылы эскерүү күнү катары жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан