Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр арасында Орусия менен достук мамилеси боюнча рейтингде экинчи орунду ээледи. Бул туурасында Орусиянын Коммуникацияны өнүктүрүү боюнча улуттук изилдөө институтунун маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, рейтинг 2022-жылдагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн.
"Мониторинг илимий болуп саналат жана коммуникациялык режимдин концепти институт тарабынан 2020-жылы иштелип чыккан. Изилдөө постсоветтик 14 мамлекетке жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Анда адистер постсоветтик өлкөлөрдөгү мыйзамдарды, коомдук-саясий талкууларды, лидерлер менен расмий өкүлдөрдүн Орусия тууралуу айткандарына баам салышкан.
Кыргызстан 60,6 упай топтоп рейтингдин экинчи сабына жайгашкан. Ал эми биринчи сапта, Беларусь (88,4 упай) турат.