"Бирөө каза болгон". Москвада мекендештерин бычактоого шектелип 4 кыргызстандык кармалды

Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта ИИМдин Орусиядагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде аталган өлкөнүн укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келгени айтылат. Анын негизинде, Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлгөнү кабарланат.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 22-мартында таңкы саат 04:10дон кийин Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 2005-жылы туулган К.уулу А аттуу жаран болгон. Келген тез жардам бригадасынын дарыгерлери анын окуя болгон жерден эле каза болгондугун аныкташкан.

Ал эми экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган.

Бул факты боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында эки өлкөнүн Ички иштер министрликтери биргеликте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз жарандары экени маалымдалды.

Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан