Бишкекте 8 килограмм гашишти Glovo рюкзагына салып бара жаткан жаран кармалды (фото)

Узакка созулган иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан 20 килограмм баңгизаты алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 7-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Курманжан Датка жана Волховская көчөлөрүнүн кесилишинен 1963-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан салмагы 8 килограммды түзгөн гашиш (афган чарс) баңгизаты алынган.

Кармалган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кошумча 12 килограмм гашиш (ооган чарс) баңгизаты табылып, алынган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын операциянын натыйжасында алынган баңгизатынын жалпы салмагы 20 килограммды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан