Чүйдүн Сайлык айылынын 50 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 18-март күнү кылмышка шектүү Т.Н.нын үйүн тинтүү учурунда 19,47 грамм гашиш табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.