Бишкектин Ленин районунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондун аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары, ири кафе-ресторан, тойканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.
"Жыйындын жүрүшүндө президенттин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын аткарылышы жана жарандар арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгы менен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө кардарларга үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, диний ырым-жырымдарды өткөрүү, орозо учурунда кечки тамактанууларда ашыкча ысырапкорчулук жана ашыкча каражат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле МАБдын жетекчилерине үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.