Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына контрабандалык күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып, Токмоктогу айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.
Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.