Өзгөндө жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн жашоочуларга чатырлар орнотулууда

Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, чатырлар кооптуу жерден 2 чакырым 200 метр аралыкта жайгашып, ага таза суу жана электр энергиясы киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 22-мартта саат 05:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион куб метр жер көчкү түшкөн.

Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокаттары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМнын мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, аймак кооптуу деп табылган. Аталган аймакта жашаган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан