Жапаров макроэкономикалык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийлери талкууланды, ошондой эле Экономика жана коммерция министринин отчёту угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн (Дүйнөлүк банк – 5,0 пайызга, Эл аралык валюта фонду – 0,9 пайызга басаңдашын) болжолдоп келишкен.

Бул божомолдорго карабастан, улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчёттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0 пайызды түздү. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык”, - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчысы кошумчалагандай, быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан анда 2023-жылы 3,2 пайыздан 3,5 пайызга жана 2024-жылы 3,8 пайызга чейин болот. Ошондой эле Дүйнөлүк банк ата мекендик экономикага карата болжолун жакшыртты (2023-жылга өсүү мурдагы 3,4 пайыздын ордуна 3,5 пайыз деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4 пайыз деңгээлинде болжолдонууда).

Отурумдун жыйынтыгында орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан базалык сценарийин колдоо чечими кабыл алынды, ага ылайык 2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында түзүлгөн Министрлер кабинетине караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан