Жапаров япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен тармагындагы дүйнөлүк долбоорлордун жетекчиси, унаалар үчүн призмалык литий-иондук аккумуляторлорду чыгарууга адистешкен “Prime Planet Energy & Solutions” компаниясынын кеңешчиси Накаба Чимура башында турган Япония мамлекетинин делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Мындан улам Акылбек Жапаров И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-япон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Накаба Чимура тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул багытта Кыргызстандын чоң потенциалын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан