Өзгөндөгү жер көчкү саатына эки метр бери жылып жатат. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалымдалгандай, көчкү үйлөргө 20 метрдей жакындады. Жеринде мекеменин куткаруу тобу иш алып барууда.
Эске салсак, 22-март күнү таңга маал Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн.
Анын натыйжасында Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү 18 турак үйгө коркунуч жаралып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршабдагы туугандарыныкына жайгаштырылган.
Учурда алар үчүн айылдан 2 чакырым алыстыкта убактылуу жашап турууга чатырлар тигилүүдө.
Белгилеп кетсек, кечээ, 23-мартта аймакка өзгөчө кырдаал киргизилген.