Ысык-Көл облусуна караштуу Боом капчыгайында жайгашкан "Кербен" кафесинин аймагында дарактар өрттөнүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда жеринде бир өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатат.
Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.