Өлкөдө 16 күндө 400дөн ашык мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында 16 күн ичинде (8-марттан 24-мартка чейин) мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, өткөн жылдын ушул убакыт аралыгында (2022-жылдын 8-марттан 24-мартка чейин) 800 мас айдоочу аныкталган. Ал эми быйыл мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган.

"Анын себеби мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин экинчи ирет мас абалында унаа башкарган учурунда, авто унаасын токтотуп коюу менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратылуусу себеп болууда", - дешти мекемеден.

Мындан тышкары учурда одоно жол эрежелеринин бардык түрү азайганы кабарланды.

Эскерте кетсек, 8-марттан тарта жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан