Боом капчыгайында үч жерде өрт чыкты. Капчыгайдын ичин ири өрт каптаган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат.
Анда жол жээгиндеги бадалдар менен электр мамылары өрттөнүп жаткандыгы айтылат.
ӨКМ Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта өрт чыкканын маалымдады.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана Токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда. Ошондой эле Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Мекемеден кошумча маалымат берилерин билдиришти.