30-мартта Бишкектин кээ бир аймактарында таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдашты.
Мындай чара "Северный" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу каралды.
Билдирмеге таянсак, саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу өчүрүлөт: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу кең көчөсү, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштары.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы калкты, уюмдарды ичүүчү сууну камдап алышын суранат.