Бишкекке жакын жерде башка бирөөнүн эле жерин бөлүп сатып жибергенге шектүү кармалды

Аламүдүн районунда башка бирөөнүн айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз басып алып, турак жай куруу үчүн сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга Э.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал С.Т. аттуу тийиштүү болгон Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 172-контурундагы айыл чарба багытындагы 1,5 гектар үлүш жерине белгисиз адамдар суу түтүкчөлөрүн жаткырып, жолдорду салып, участокторго бөлүп, турак-жай куруу үчүн сатып жаткандыгын билдирип, аларга чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган кылмышты жасоого шектүү катары 1980-жылы туулган О.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан