Ош облусунда “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик” аталышындагы форум өттү (фото)

Бүгүн, 24-март күнү Ош шаарындагы “Jannat Resort” мейманканасында Ош облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдеген “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик ” аталыштагы форум өткөрүлдү.

Аталган иш-чара алгач Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, андан соң коомдук алдын алуу борборунун ишмердүүлүгү боюнча чакан видеотасма көрсөтүү менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө президенттинОш облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдаинов, Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Жоробеков сөз сүйлөп, облус аймагындагы укук бузууларды алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу, жетишкендиктери жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү салымын баса белгилеп өтүштү.

Ал эми “Saferworld” эл аралык уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Стефан Стоянов Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров жана Ош облусунун прокурору Максат Асаналиев өздөрүнүн багыттары боюнча аткарылган иштер тууралуу баяндама жасашты.

Бул форумдун максаты - коомдук алдын алуу борборлорунун жумушун жандандыруу, алардын көйгөйлөрүн чечүү.

Белгилей кетсек, Ош облусунда 90дон ашуун коомдук алдын алуу борборлору иштейт. Анын баарында эле шарт жаралган эмес. Бирок ага карабай кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды, балдар арасында катталган кылмыштуулукту жоюу боюнча коомдук алдын алуу борборунда жайгашкан аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат. Коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери негизинен элдин кайрылууларын кабыл алып, жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат.

Мында кызматкерлер жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кабыл алат, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат.

Иш-чаранын сонунда КААБдын иштеген тажрыйбалуу кызматкерлеринин сунуш, пикирлерин кабыл алуу менен резалюция кабыл алынды. Ошондой эле, Ош облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда ИИОнун кызматкерлери менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош ОИИБи тарабынан КААБдын мүчөлөрү Ардак грамоталар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан