“Азаттыктын” иши: сот министрликтин экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум уланды.

Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева министрликтин “Азаттык” боюнча арызын карап, 2022-жылдын 16-сентябрындагы “Настоящее время” телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

"Азаттык Медиа" билдиргендей, анда “Настоящее время” телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козутуунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлат. "Азаттык Медианын" адвокаттары мындай экспертизанын коюлушуна каршы болушкан. Алар Маданият министрлиги аны "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөгө чейин тактап алышы керек болгонун, бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин белгилешкен.

Эми экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин соттук иш убактылуу токтотулат.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеп жатат. Арызда мекеменин "Настоящее время" телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан