Орто-Токой ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн, 24-мартта Орто-Токой ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Келишимге «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг кол койду.
Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышты.
Маалыматка ылайык, жалпы кубаттуулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.
Белгилей өтсөк, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан